7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Кыргызстан дүйнөбий (светтик) мамлекет бойдон кала берүүгө тийиш!

230

Дин тутуу эркиндиги, мамлекет менен диний уюмдардын өз ара мамилеси, диний билим берүүнүн тартиби – бул темаларды талкуулоо дайыма курч өтөт, талаш-тартыш менен коштолуп, коомдогу ар кандай топтордун бүйүрүн кызытат. Ошондуктан бул жерде Кыргызстандын келечектеги лидеринин – мамлекеттеги дин саясатын кандайча аныктай тургандыгы туурасындагы позициясынын болушу абдан маанилүү. Президентикке талапкер Садыр Жапаровдун бекем ынанымында, Кыргызстан дүйнөбий мамлекет болуп келген жана ушул бойдон кала берүүгө тийиш. Мында мамлекет менен диндин ортосунда тең салмакталган, тыкыр ойлонулган саясатты калыптандыруу зарыл.


“Биз элибиздин көп улуттуу жана көп конфессиялуу экенин эстен чыгарбоого тийишпиз. Ошондуктан диний институттар менен тыгыз иш алып баруубуз керек. Азыр мунун баары назардан тыш калды. Мисалы, майда диний уюмдардын биздеги саны канча экенин да жакшылап билген эч ким жок. Биз ал жакта кандай идеялар талкууланып жатканын да билбейбиз! Мамлекет тарабынан көзөмөл болушу керек. Эч кандай кысымга алуусу жок эле, мыйзам талабын катуу
сактоо менен иш алып барышыбыз керек!”
— деп билдирди Садыр Жапаров.
Муну менен бирге президентикке талапкер мектептерге диний сабаттуулук сабактарын киргизүү зарылдыгын маанилүү деп эсептейт.


«Диний тармактагы билимдин жетишпестигинен биздин көптөгөн жаштарыбыз ар кандай азгырыктарга оңой эле ооп, экстремисттик агымдарга кошулуп Сирияга кетишүүдө. Бул маселени иштеп чыгууну адистерге тапшырып, бардык пикирлерди эске алуу керек, — деп эсептейт президентикке талапкер.– Бизге көп жылдардан бери чоочун маданияттарды жана таасирлерди таңуулап келишти.

Өзүбүздүн кыргыздын кылымдар бою калыптанган маданий салттары, дүйнө
таанымынын системасы, кыргыз философиясы максаттуу түрдө басмырланып келген. Ошондуктан стратегиялык милдеттердин комплексинде билим берүү жана кетирген кемчиликтерди четтетүү менен алектенүү милдети турат».

Аткаруучу: « ___7tv.kg____ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү 53;

Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Нускасы: ______. 2020-жылдын 21-декабрь даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

231