7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент 7 миллионунчу болуп төрөлгөн наристенин ата-энесин куттуктады

403

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновду жана Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованы кабыл алды.

Бактыбек Кудайбергенов маалымдагандай, ведомстволор аралык комиссия тарабынан тиешелүү мониторинг жүргүзүлгөн. Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда таңкы саат 2:10до төрөлгөн уул бала болду.

Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын маалыматы боюнча, 7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы — Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см.

Жапаров Кыргызстандын 7 миллионунчу наристенин ата-энесин телефон аркылуу куттуктап, балага чың ден соолук, узун өмүр каалады. Ал жети миллионунчу жаран өз элинин татыктуу уулу болуп өсүп, өзүнүн үй-бүлөсүнө эле эмес, бүтүндөй өлкөгө мындан аркы бакубатчылык алып келээрине ишенерин билдирди.

Баланын энеси куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекет башчыдан жаңы төрөлгөн баласына ысым берүүнү өтүндү. Садыр Жапаров 7 миллионунчу кыргызстандыкка өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн билдирген Жакшылык ысымын берүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранынын депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно алат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

404