7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Кызмат, бийлик убактылуу гана нерселер. Ал эми, эл, мамлекет түбөлүктүү.

197

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкердин расмий үгүт иштери башталды.
Калктын басымдуу бөлүгүнүн колдоосуна ээ болгон элдик лидер, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Садыр Жапаров расмий үгүт ишин ырым кылып Айкөл Манас жердеген, айтылуу Айтматовду ааламга учурган, тоо жүрөк Чолпонбайды өстүргөн касиетүү Талас эли менен жолугушуудан баштады.
Кезинде кыргыздын башына күн түшүп, түндүгү кулап, кыйналып, туш-тарапка чачылып турганда Манас атабыз баш көтөрүп, кулаалы таптап куш кылып, курама жыйып журт кылган. Бүт кыргызды бириктирип, улуу кыргыз элин ынтымакка, биримдикке чакырып, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга үндөгөн. Алдында чоң милдет турганын сезип-туйган Садыр Жапаров да баатыр бабаларыбыздын жолун улап, ак дилден аткарган ар бир кызматын элине арноого аттанганы жөн жерден эместир.


Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Талас элине кайрылып, алдыга койгон максаттары, өзүнүн программасы тууралуу кеңири айтып берди. Ошондой эле, жолугушуунун катышуучулары Садыр Жапаровго бир катар суроолорду узатышты.

“Дагы бир талапкер, УКМКнын мурунку төрагасы, Абдил Сегизбаев сизге карата компромат бар экенин айтты. Бул эмне болгон компромат болушу мүмкүн?” – деген суроого Садыр Жапаров төмөнкүчө жооп узатты;


“Мага компромат болсо алар 3 жыл мурун мага карата уюшулган чагымчыл иштеринде кеңири пайдаланып, караламак. Эми эмне тууралуу айтып жатат, мага белгисиз. Чыгарса чыгарышсын. Аны сиздер менен биргеликте чогу көрөбүз” — деди.


Кийинки узатылган суроо, “Сиз мурун Курманбек Бакиев менен иштешкенсиз да. Анын тушунда чоң кызматтарда иштедиңиз. Азыр алар сизди колдоп жана каржылап жатат деген кептер айтылып жатат. Ушуга жооп берип койсонуз.” деген өңүттө болду. Садыр Жапаров бул суроого мындай жооп берди;


“Бул карандай калп. Үстүдө Кудай карап турат, ушунча элдин алдында, Кудайдын алдында туруп айтып бере алам, эч кимден мен бир тыйын алган жокмун, эч ким мени каржылаган жок. Ооба, убагында Бакиев менен иштешкем. Бирок аны менен мен эле эмес Кыргызстандын 90 пайызы иштешпедиби. Бакиев менен иштешкенде анын камчысын чаап, мамлекеттин же элдин кызыкчылыгына каршы келген, Бакиевдер үчүн даярдалган маселелерди колдоп берген эмесмин. Мыйзамдын чегинде өзүмдүн милдетимди аткарып иштегем. Коррупцияга каршы комиссариатты жетектедим. Элибизде жакшы сөз бар эмеспи, “Аты улук, супарасы курук” деген. Мен жетектеген кызмат ошондой кызмат болчу. Эч кандай тергөө же оперативдүү иштерди кыла алчу эмесмин. Болгону компьютерден гана монитринг кылып отурган кызмат эле. Ошого карабастан бир топ соттордун, прокурорлордун, мэрлердин, губернаторлордун, акимдердин былык иштерин ачып, колдон келишинче иштегенбиз. Ишибиздин жыйынтыктары видео түрүндө отчёт болуп КТРКнын архивинде азыркы күнгө чейин сакталып турат. Ал убакта азыркыдай интернет өнүгө элек эле. Маалымат элге бүгүнкүдөй жеткен эмес. Бир топ эле маанилүү иштерди кылганбыз.”


Ал эми, мамлекеттик башкаруунун кайсы түрүн жактайсыз деген суроого, “Жеке пикиримде президенттик башкаруу туура. Бирок парламент менен президенттин ортосунда баланс болушу керек. Биз азыр ушул жолду сунуштап жатабыз. Антпесе, бир топ былыгы көп, таза эмес адамдар акчасын чачып парламентке, бийликке келип алышууда. Акча берип келген киши эл үчүн иштебейт. Ал ошол короткон акчасын эселеп кайтарып алуунун айласын издейт. Биз ошол системаны сындырып, бир топтун же партиянын кызыкчылыгы үчүн эмес, эл үчүн иштеген ситеманы түзөбүз. Тарыхтан сабак алышыбыз керек. Биз сунуштаган система ишке кирсе, жоопкерчилик бир адамдын моюнуна жүктөлөт. Ал адам кетирген кемчилиги үчүн эртедир-кечтир жооп берет. Ким президент болбосун, иштей турган таза, туруктуу, жоопкерчиликтүү бийликтин системасын куруп жатабыз. Мен шайланып калсам, эртедир-кечтир менин да мөөнөтүм бүтөт. Менден кийин келген адам да биз түзгөн жол менен таза, адилеттүү иштей турган, түбөлүктүү системаны жолго коёбуз. Кызмат, бийлик убактылуу гана нерселер. Ал эми, эл, мамлекет түбөлүктүү.” – деп билдирди.
Андан соң, “Сиз жакындарыңызды, кудаларыңызды чоң кызматтарга дайындап жатыптырсыз. Азыртан эле үй-бүлөлүк башкарууга багыт алган жоксузбу? — деген суроо берилип, бул суроонун жообу төмөндөгүдөй болду.


“5-октябрь күнү болгон кырдаалды өзүңүздөр көрдүңүздөр. 2010-жылдан да катуу болуп кетиши мүмкүн эле. Бийлик көзөмөлдү толук колдон чыгарып ийди. Мындай учурда, талап-тоноочулуктун, кылмыштуу иштердин алдын алынышы керек эле. Абалды колго ала турган УКМКнын, ИИМдин башчыларынын дайыны ушул күнгө чейин жок. Элимдин колдоосу менен бошоп чыктым. Жоопкерчиликти алдым. Ошол кезде кырдаалды жайгарыш үчүн ишеничтүү кадрларды кызматка койдум. Аларга тапшырма бердим. Ошондо эки кудам бийликке келип калыптыр. Күнү-түнү иштеп мага жардам беришти. Ошолордун бири мага каршы оппозицияда жүргөн, бирок таза, колунан иш келген инсан. Ошондуктан кызматка дайындадым. Мунун баары убактылуу гана. Үй-бүлөлүк башкарууга мен өзүм да каршымын. Шайлоодон кийин мейли министрби, акимби, же башкабы баары ачык сынак менен кызматка келет. Ар бир кадрды элдин, комиссиянын тандоосу менен алабыз. Бир тууган, куда-сөөк деп бийликке койбойбуз.” – деди.


Эске салсак, Садыр Жапаровдун бир тууган иниси Орозобек Жапаров маалымат каражаттарына берген маегинде, бир дагы бир тууганы Садыр Жапаровдун ишине аралашып, кызматтарга барбай турганын айткан. Бул чечим алардын бир туугандары тарабынан кабыл алынганын жана буга чейинки үй-бүлөлүк башкаруунун кесепети кандай жолго алып барганын кошумчалаган.
Мындан тышкары чарбалык, социалдык маселелерди чечүүгө көмөк сураган суроолор келип түштү. Бул көйгөйлөрдү чечүүгө аз гана убакыт калганын айткан талапкер, жергиликтүү тургундарга электрондук дарек, социалдык тармактар аркылуу кайрылып, көйгөйлөрдү көтөрүп, мыйзамсыз иштерге каршы турууга көмөктөшүүгө чакырык таштады. Дагы бир жагдай, Садыр Жапаров жалпы Кыргызстандыктарга кайрылып, өзүнүн наамына карата “Улуу” – деген сөздү колдонбоосун өтүндү. Талапкер, бул сөз бир гана жаратуучуга таандык экенин айтып, өзүн жөн гана эл кызматын аркалаган адам экенин белгиледи. Талапкердин бул сөзү жолугушууга келгендер тарабынан кызуу колдоого ээ болду.
Жыйынтыгында, Айтылуу Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков Садыр Жапаровго Талас элинин атынан ак батасын берип, Ыйык Куранды белекке тапшырды.
“КЫРГЫЗСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ БОЛУУ – ДЕМЕК, КЫРГЫЗСТАН ЭЛИНЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ!” – Садыр Жапаровдун кайткыс позициясы.
БИЙЛИКТИН ЖООПКЕРЧИЛИКСИЗДИГИН ЖОЮУ ҮЧҮН!

САДЫР ЖАПАРОВ ҮЧҮН!

Өндүрүүчү(Актакаруучу): 7tv.kg, дареги: Байтик Баатыр 53
Буйрутма берүүчү: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президенттигине
талапкер С. Жапаровдун каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан төлөндү. Нускасы: 1. Өндүрүлгөн күнү: 15.12.2020-ж

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

198