7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Лаостун президентин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

638

Президент Садыр Жапаров Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын президенти Тхонглун Сисулитти  Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Сизди жана лаос элин Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм.

Достукка жана кызматташтыкка негизделген Кыргызстан менен Лаостун ортосундагы мамилелер биргелешкен аракеттерибиз менен эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем.

Сизге чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын элине бакубаттык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын катында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

639