Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, Баткен облусунун Лейлек районундагы Борбордук айылында мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Долбоорго ылайык, 2 кабаттуу мектептин имараты 225 окуучуга ылайыкталган. Президент ошондой эле Лейлек районундагы «Жаңы-Жер» чек ара тозотунда болду.
Президенттин айтымында, жакынкы мезгилде Баткен облусуна аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү максатында өзгөчө статус берилет. Бул статустун алкагында облуска бир катар жеңилдиктер берилет, анын ичинде салыктык жана инвестициялык өзгөчө режим киргизүү пландаштырылууда.
«Туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле калктуу конуштардын социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу, жумушсуздуктун деңгээлин азайтуу, жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылуу жана башка көптөгөн маселелерди чечүү үчүн Баткен облусун мындан ары комплекстүү өнүктүрүүдө зарыл болгон бардык нерселерди жасап жатабыз жана мындан ары да жасайбыз», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.