7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Өлкө боюнча 42 миңден ашуун ипотекалык батир салынууда

385

Өлкө боюнча 42 316 батир салынууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому тарабынан салына турган “Ынтымак” турак жай комплексинин курулушуна мезгил кутусун салуу иш-чарасында билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө Бишкекте турак жайлуу болуу үчүн кезекте 22 573 адам, региондордо 15 400 адам турат.

“Жалпы республика боюнча азыркы тапта 42 316 батир салынып жатат. Борбор калаага эле кезекке турбай, региондорго да турууга өзгөчө көңүл бурулду. Келээрки жылдан баштап облустарга, райондорго, кичи шаарларга үйлөр курула баштайт”, — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле президент иш-чарада 2028-жылдарга чейин өлкө боюнча бардык муктаж болгон жарандарды турак жай менен камсыз кылуу максаты коюлганын айтты.

 

 

386