7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров өлкөнүн куткаруучуларын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады

665

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн куткаруучуларын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент бүгүн, 14-июнда, өлкөнүн куткаруучуларын сыйлоо салтанаттуу иш-чарасына катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына арналган кыска метраждуу тасманы көрсөтүү менен башталды.

Садыр Жапаров сөз сүйлөп, Түркиядагы жер титирөөнүн очогунда адам өмүрлөрүн ажалдан арачалап калган кайраты күч, эрки бекем куткаруучуларга каармандыгы менен эрдиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал өз сөзүндө бир тууган Түркия Республикасынын башына түшкөн оор мүшкүлдө куткаруучуларды издөө-куткаруу иштерине жиберип, жардамга кол сунгандардын сап башында Кыргыз Республикасы турганын өзгөчө белгиледи.

Ошондой эле Мамлекет башчысы жөн жата албай, колдон келген жардамдарын чогултуп, түрк боордошторго байма-бай жолдогон мекендештерибизди белгилеп өтүп, ыраазычылыгын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

666