Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-августта борбордук Ала-Тоо аянтында Токио шаарында (Япония) өткөн XXXII жайкы олимпиада оюндарынан кайтып келген улуттук курама команданын мүчөлөрүн сый-урмат менен тосуп алуу салтанатына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Олимпиадачыларды «Манас» эл аралык аэропортунда арезиденттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары менен бирге тосуп алышты.
Садыр Жапаров команданын мүчөлөрүн куттуктап, аларды Токиодогу жайкы олимпиада оюндарына ийгиликтүү катышып, Мекенине жеңиш менен кайтып келиши менен куттуктады.
«Олимпиадалык медалдарды, спорттук мыкты жыйынтыктарды, спортчуларыбыздын жетишкендиктерин өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына татыктуу белек деп эсептеймин. Сиздер бардык кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн актап, элибизди кубанычка бөлөдүңөр! Сиздердин мээнетиңиздердин аркасында биздин спортчуларыбыз ийгиликтерге жетишүүдө. Ошондой эле биздин спортчуларыбыздын ата-энелерине да ыраазычылык билдирем. Спортчулардын өнүгүүсүндө ата-энелердин ролун баалоо кыйын, сиздер балдарыңыздардын спорттогу ийгиликтерине жана жыйынтыктарына чоң таасир этесиздер. Олимпиадалык команданын мүчөлөрүнө жана машыктыруучуларына чың ден соолук каалайм, жаңы жеңиштерди багындыра беришиңерге тилектешмин. Жашасын, Кыргызстан! Жашасын, кыргыз спорту!», — деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров.
Эске салсак, Токио-2020 Олимпиада оюндары Кыргызстандын спорт тарыхындагы эң ийгиликтүү оюн болду.
Балбандар Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова эки күмүш жана бир коло медалга ээ болуу менен мыкты натыйжаларды көрсөтүштү. Ал эми жакын арада улуттук курама команда толук курамда чогулгандан кийин олимпиадачыларды жана машыктыруучуларды расмий түрдө сыйлоо иш-чарасы болот.