7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Кайрат Иманалиевге аянттагы миңдей элдин алдында сөгүш жарыялады

1602

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-августта Токио-2020 жайкы олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө арналган аянттагы салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чараны Маданият министри Кайрат Иманалиев уюштурган.

Бирок программа толук бышкан эмес. Бул тууралуу президент сөз сүйлөп жатып баса белгилеп: «Өкмөттүн аппаратынын анча-мынча кемчилик кетип калат. Эки медалчыбызга сөз берилбей калганын мен өзүм дагы байкабай калыптырмын. Ошондуктан үчүнчүсүн дагы чакырып сөз бердирттим. Мына сиздердин алдыңыздарга министрге сөгүш жарыялап кетейин. Мындан да ийгиликтерге жетели», — деп сөзүн аяктады.

Белгилей кетсек, Токиодон келген спортчулардын атынан бир гана Айсулуу Тыныбекова сүйлөп, Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазаровага сөз берилбей калган. Ошондой эле интернет колдонуучулар Кыргыз Республикасынын гимнин жаңыртып турушса болмок деген дагы кемчиликтер айтылып, салтанат башаламан уюштурулганына эл нааразы.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1603