7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедовго улуттук ат оюндары тартууланды

365

Президент Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовго Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо кыргыздын улуттук ат оюндары – «Жорго салыш» жана «Көк бөрү» тартууланды.

Ипподромдун кире беришинде кадырлуу конокторду төкмө акындар тосуп алышты. Андан соң делегация «Кыргыз айылы» этнокомплекси менен таанышып чыкты, мында кыргыз элинин салттуу жашоосунун элементтери – боз үйлөр, элдик кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш жана кийимдер көрсөтүлдү.

Меймандарга «Салбуурун» салттуу мергенчилик өнөрүнүн алкагында алгыр куштар жана тайгандар менен аңчылыктын элементтери тааныштырылды.

Маданий программанын соңунда президент Ардактуу конокту «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна узатты.

366