7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

281

Бүгүн, 22-августта, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

«Ынтымак ордо» имаратынын алдына Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик туулары илинип, Ардактуу кароол тизилип, килем төшөлдү.

Өлкө башчылары бири-бири менен саламдашкандан кийин Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Андан соң аскердик оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.

Андан кийин лидерлер катарды кыдырып, Касым-Жомарт Токаев Ардактуу кароол ротасы менен «Салам аскер!» деп саламдашты. Мындан соң Мамлекет башчылары расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштырышты.

Расмий азем аяктагандан кийин Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев биргелешип сүрөткө түшүү үчүн «Ынтымак Ордого» киришти жана андан соң тар курамдагы сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

282