7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Пакистандын тышкы иштер министрин кабыл алды

397

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген Пакистан Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Джалил Аббас Джиланини кабыл алды.

Кыргыз-пакистан эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Пакистан эл аралык жана регионалдык мамилелер системасында маанилүү орунду ээлеп, Кыргызстан эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин айтты.

Садыр Жапаров белгилегендей, эки өлкө ортосундагы мамилелер жыл сайын, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму, Ислам Кызматташтык Уюму жана Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму сыяктуу эл аралык платформалардын алкагында өнүгүүдө. Ал бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендигине басым жасады. Бул контекстте Садыр Жапаров Пакистан менен экспорттук-импорттук позицияларды диверсификациялоого жана пакистандык инвесторлор менен келечектүү долбоорлор боюнча активдүү иштөөгө кызыкдар экендигин билдирди.

Өз кезегинде Пакистандын тышкы иштер министри Джалил Аббас Джилани меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, Мамлекет башчысына өлкө президенти Ариф Алви менен Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Анвар уль-Хак Какардын жылуу саламдарын жеткирди.

Джалил Аббас Джилани бул анын Кыргызстанга жасаган экинчи сапары экенин жана Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөдө чоң өзгөрүүлөр болгонун белгиледи. Ал мындан ары да өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда эки өлкөнүн мамилелерин жандандырууга даяр экендигин билдирди. Мындан тышкары, Джалил Аббас Джилани Президент Садыр Жапаровду ыңгайлуу учурда Пакистанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Тараптар биргелешкен аракеттердин аркасында жакынкы келечекте кыргыз-пакистан кызматташтыгы жаңы бийиктиктерге жетээрине ишеним билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

398