7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды Түркияда муниципалдык шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

360

Президент Садыр Жапаров Түркияда өткөн муниципалдык шайлоонун жыйынтыгы боюнча Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды Түркияда муниципалдык шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Кыргызстандын президенти белгилегендей, “Түркиянын эли өлкөнүн мындан аркы гүлдөп-өсүү жолунда мамлекеттик багытты колдоорун дагы бир ирет көрсөттү”.

Садыр Жапаров эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары боюнча диалогду улантууга даяр экенин баса белгилеп, кыргыз тарап Түрк лидерин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келишин күтүп жатканын айтты.

Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганга жогорку мамлекеттик кызматтагы ишине ийгиликтерди, ал эми түрк элине ачык асман жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

361