7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Саясий тирешүүлөргө чекит коюу керек, антпесек биз алдыга жыла албайбыз!

145

“Кыргызстандагы экономикалык туруктуулуктун жана өнүгүүнүн шарттары – бул,
саясий ымалага келүү”
– деп, эсептейт Садыр Жапаров.
«Биз саясий тирешүүлөргө чекит коюшубуз керек. Бардык саясий дооматтарды
жоюп, мурдагы пикир келишпестиктер үчүн өч алууну токтотууга тийишпиз.
Антпесек, биз алдыга жыла албайбыз. Өткөн менен чатакташуу саясаты – бул так
ошол авторитаризмге жана кысымга алып бара турган жол жана мындан биринчи
кезекте, биздин жарандар гана жабыр тартышат. Эч кимди мындайга түртпөгүлө.
Бирөөнү аяган же андан корккон үчүн эмес, келечек үчүн ушуга баруу керек!»

деп, чакырат президенттикке талапкер.
Жапаровдун ишениминде, кадр саясатына болгон мамиле саясатташтырылбашы
керек. Бирок, люстрация учур зарылчылыгы болуп турат. Бул, элдин башкы
талаптарынын бири.


«Люстрация – бул өч алуу эмес. Акаевчи, Бакиевчи же мурунку режимдердин
тушунда кызмат кылган кадрларды “тазалоо” деген болбошу керек. Башкысы,
чыныгы иш билги кадрлардын резервин түзүү. Мамлекеттик кызматка дайындоо,
ачык сынак аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш. Мыйзамга же мамлекетке каршы
иштерде аттарын булгап алган же кесиптик-этикалык талаптарга жооп бербеген
кадрлар, мамлекеттик кызматка алынбайт!
» – деп, түшүндүрдү өз платформасын
талапкер.


Жалпысынан алганда, кадр саясаты ачык-айрымдуулук, мураскерлик жана
кесиптик-этикалык принциптер боюнча курулууга тийиш. Мамлекеттик жетекчи
кызматтарга иш билги кадрлар гана ачык сынак жолу менен тандалып алынышы
керек. Мураскерлик принциби – Кыргызстандын элинин кызыкчылыктарына жооп
берген стратегиялык программаларды жана долбоолорду ишке ашырууга, өз
тармактарында узак жылдар бою иштеген кесипкөйлөрдүн тажрыйбасын жана
даанышмандыгын сактап калууга мүмкүнчүлүк берет.

Аткаруучу: « ___7tv.kg____ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү 53;

Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Нускасы: ______. 2020-жылдын 21-декабрь даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

146