7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түркияга учуп кетти

559

Бүгүн, 15-мартта президент Садыр Жапаров Анкара шаарына Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу-өлкө башчыларынын кезексиз саммитине катышуу үчүн иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынынын темасы – “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам”.

Тараптар табигый жана техногендик коркунучтардан улам келип чыккан табигый кырсыктар, ошондой эле жамааттык чара көрүү маселелерин талкуулашат.

Сапардын алкагында мамлекет башчысынын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу да пландалып, анын жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:

  •  Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаев;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;
  • Экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдырахманов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

560