7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

608

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Өлкө лидерлери соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык жана башка тармактарда кыргыз-түрк эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчылары соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү маселесине токтолушту, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын бардык чөйрөлөрүн камтыган учурдагы күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашат жана кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган биргелешкен иш-аракеттерди белгилешет.

Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган өз ара кызыкчылык туудурган кызматташтыктын бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча байланыштарды тереңдетүү үчүн жогорку саясий деңгээлдеги активдүү диалогду улантууга макулдашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

609