7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алды

415

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрда, өлкөгө расмий сапар менен келген Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алды.

Ар тараптуу кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы кыргыз-өзбек мамилелери достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк маанайында динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, кыргыз тараптын мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы жалпы тарыхый мураска, маданиятка, тилге, руханий салттар жана баалуулуктарга негизделген кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү ниетин билдирди.

Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевге саламын жана жакшы каалоолорун жолдоду.

Өз кезегинде Владимир Норов Президент Садыр Жапаровго жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёевдин саламын жолдоду.

Ал эки өлкөнүн министрлеринин деңгээлинде эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери боюнча саясий консультациялар өткөнүн билдирди.

Анын ичинде Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары, анын уюштуруу-мазмундук бөлүктөрү жана башка маселелер талкууланган.

Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишим эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берери белгиленди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

416