7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышууда

423

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда, Ленинград облусунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышууда.

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары — Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян (видеоконференция форматында), Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев Армениянын төрагалыгынын жылындагы ЕАЭБдин ишинин жыйынтыктарын чыгарышат, Бирликтин ишинин актуалдуу маселелерин карашат, интеграциялык процесстерди тереңдетүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашат. ЖЕЭКтин чакан курамдагы жыйыны башталаар алдында иш-чарага келген делегация башчыларын Россиянын президенти Владимир Путин тосуп алды. Андан кийин отурум ЕАЭБ мамлекеттеринин лидерлери сөз сүйлөп, делегация мүчөлөрүнүн катышуусу менен кеңири курамда улантылат.

Анда бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу пландаштырылууда, анын ичинде ЕАЭБдин бажы транзитинин бирдиктүү тутуму жана үчүнчү тарап (үчүнчү тараптар) жөнүндө макулдашууга жана Бирлик жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлат.

424