7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровду бир катар өлкөлөрдүн президенттери Орозо айт майрамы менен куттуктады

398

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Улуу урматтуу Сизди жана бүткүл кыргыз элин мусулмандар үчүн куттуу жана кубаныч алып келген Рамазан майрамы менен куттуктап, чын ыкластан жакшы каалоо-тилектерди айтууга абдан кубанычтамын.

Биздин бекем саясий эркибиздин жана биргелешкен аракетибиздин аркасында акыркы жылдары биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара достук жана коңшулук мамилелер тереңдеп баратканы бизди чексиз кубандырат.

Жогорку жана бийик деңгээлдеги диалогдун, жетишилгенмаанилүү макулдашуулардын натыйжасында Өзбекстанменен Кыргызстандын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн мамилелери эки боордош элдин гүлдөп-өнүгүшүнө гана эмес, жалпы элдерибиздин туруктуу өнүгүүсүнө да кызмат кылып, ар тараптуу өнүгүүдө”, — деп айтылат куттуктоодо.

Президент Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден-соолук, узун өмүр, жоопкерчиликтүү ишинде жаңы жеңиштерди, ошондой эле боордош кыргыз элине мындан ары да прогресс, тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Нечен кылымдардан бери келген бийик руханий баалуулуктардын — гуманизмдин, кайрымдуулуктун, ак көңүл жана адеп-ахлактык тазалыктын символу болгон бул майрам мындан ары да жалпы мусулман коомчулугунда өз ара түшүнүшүүнү, тилектештикти жана тынчтыкты бекемдөөгө өбөлгө болот деп терең ишенем”, — деп айтылат.

Түркмөнстандын президенти Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакыт, ал эми жалпы Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун куттуктоосу: 

“Ислам дүйнөсүнүн бардык өлкөлөрү үчүн ыйык болгон бул майрамдын бийик адеп-ахлактык баалуулуктары жана жаратман салттары мындан ары да элдерибиздин ортосундагы эзелки байланыштарды бекемдөөгө кызмат кылат деп ишенем.

Элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык эки өлкөнүн ортосундагы жакшы байланыштарды өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча биргелешкен аракеттерибизди мындан ары да улантабыз деп ишенем”, — деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоо катында.

Тажикстандын президенти Садыр Жапаровго чың ден соолук, мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми жалпы Кыргызстан элине бакыт-таалай, бакубатчылык, молчулук жана токчулук, тынчтык, прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин куттуктоосу:

«Жеке өзүмдүн атымдан жана Азербайжан элинин атынан Сизди жана боордош кыргыз элин ыйык Рамазан-айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм жана ушул куттуу айда бардык дубаларыңызды жана ниеттериңизди Алла Таала кабыл алышын каалайм.

Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара ишенимге негизделген мамилелердин бүгүнкү деңгээли канааттануу  туйгусун жаратат.

Боордош элдердин эрки менен калыптанган эки тараптуу мамилелер биргелешкен аракеттердин аркасында мындан ары да өнүгүп, бекемделе берерине ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.

Ильхам Алиев Садыр Жапаровго бул маанилүү майрамда бекем ден соолук, бакыт-таалай, ишиндеги ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын куттуктоосу:

“Урматтуу президент, кымбаттуу бир тууганым,

Улуу урматтуу, Сизди Орозо айт майрамыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ынтымактын, тилектештиктин жана бир туугандыктын баалуулугун дагы бир жолу эсибизге салган ыйык майрамыбыз, Ислам ааламына жана бүткүл дүйнөгө тынчтык, бейпилдик жана молчулук алып келүүсүн тилейм”, — деп айтылат Түркиянын Президенти жолдогон телеграммада.

Түркиянын элинин жана жеке өзүнүн атынан Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми дос жана бир тууган Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

БАЭнин президенти Мухаммед бен Заид Аль Нахаян президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Орозо айт майрамына карата Сизге чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектеримди жана жылуу куттуктоолорумду билдирем. Алла Тааладан Сизге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми ислам үммөтүнүн элдерине жакшылык, тынчтык жана береке тилейм. Сизге болгон терең урматтоомду кабыл алыңыз”, — деп айтылат БАЭнин Президентинин куттуктоосунда.

Орозо айт майрамына байланыштуу куттуктоо телеграммасын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана мусулман коомчулугунун дарегине Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти, Премьер-министр, Дубайдын башкаруучусу Мухаммед бин Рашид Аль Мактум, ошондой эле Вице-президент, Премьер-министрдин орун басары, БАЭнин Президентинин Администрациясынын жетекчиси Мансур бен Заид Аль Нахаяндар жиберишти.

 

 

399