7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун ант берүү аземинин убакыт-сааты белгилүү болду

265

28-январда Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Президенти Садыр Жапаровдун инаугурация аземи болот.


Эртең, 28-январда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Президенти Садыр Жапаровдун кызматка киришүү аземи болот. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.


Иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун мейман чакырылган.
Чакырылган меймандардын бардыгы коронавирус инфекциясына ПЧР анализдерин тапшырышканын белгилей кетүү керек. Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулууда.


Инаугурация аземи Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.
Мындан сырткары, Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында шаардыктар үчүн иш-чара түз эфирде көрсөтүлөт. Азем саат 10.45те түз эфирде көрсөтүлүп баштайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

266