7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Душанбеге болгон иш сапары аяктады

470

Президент Садыр Жапаровдун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен бүгүн, 14-сентябрда, Душанбеге болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөөрдү өткөрүп, анда тараптар кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.

Андан соң мамлекет башчысы Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна катышты. Бешинчи Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өлкө лидерлери Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Мындан башка төмөнкүлөргө кол коюлду:

— Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы жаштар саясатынын жалпы багыттары жөнүндө макулдашуу;

— Борбор Азияда жер үстүндөгү транспорттун өз ара байланышын чыңдоо жөнүндө макулдашуу.

Иш сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров 14-сентябрь күнү кечинде Бишкек шаарына кайтып келди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

471