7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун инаугурациясына депутаттар автобус менен барышат

255


Садыр Жапаровдун инаугурациясына депутаттар автобус менен барышат. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева кулактандыруу катары айтты.

Анда жаңы шайланган Президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына жеке автоунаа менен келүүгө тыюу салынат. Ал эми эл өкүлдөрү автобустар менен алынып келип, кайра жеткирилет.

“Эртең Жогорку Кеңештин имаратынын батыш тарабына саат 8:30га чогуласыздар, автобустар саат 9:00дө жөнөйт. Чакыруу баракчасы жана кызматтык күбөлүгүңүздөр сөзсүз түрдө жаныңыздарда болушу керек. Жеке транспорт менен барууга тыюу салынат. Иш-чара бүткөн соң Жогорку Кеңештин имаратына кайра эле ошол автобустар ташып келет”, — деди Касымалиева.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

256