7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктады

584

Президент Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына 24-25-май күндөрү болгон иш сапары аяктады.

Иш сапарынын алкагында 24-майда Мамлекет башчысы Москва шаарында «Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция» II Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары жана делегациялары интеграциялык процесстер, санариптик трансформацияны тездетүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, евразиялык институттарды өнүктүрүү, бизнес-демилгелерди колдоо боюнча кошумча чаралар жана башкалар боюнча суроолорго жооп беришти.

Эртеси, 25-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЭК) тар жана кеңейтилген курамдагы кезектеги жыйыны өттү.

Бирликтин алкагында соода-экономикалык кызматташуу маселелери, ошондой эле эл аралык кызматташтык жана Евразия мейкиндигинде мындан аркы интеграция маселелери талкууланды.

ЖЕЭКтин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында ЕАЭБ алкагында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана интеграцияны андан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар чечимдер жана документтер кабыл алынды жана кол коюлду.

25-майдан 26-майга караган түнү Россиядагы иш сапарын аяктаган Президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

585