7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары аяктады (ФОТО)

569

Президент Садыр Жапаровдун 11-12-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары аяктады.

Сапар жүрүшүндө Мамлекет башчысы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 36 кызматкерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров эски жатакана имаратын чек арачылардын 70 үй-бүлөсү үчүн көп батирлүү үй кылып реконструкциялоонун долбоору менен таанышып, имаратты сапаттуу капиталдык оңдоого жана чек арачылардын үй-бүлөлөрүн ыңгайлуу, заманбап батирлер менен камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен каражат кароону тапшырды.

Андан соң ал КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Башкармалыгынын имаратынын реконструкциялоо иштери менен таанышты.

Ошондой эле, иш сапардын алкагында президент «Кыргызнефтегаз» ААК жылдыгын жана мунайгаз тармагында эмгектенгендердин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чарага катышты.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын мунайгаз тармагынын ардагерлери менен кызматкерлерин кесиптик майрамы жана өлкөнүн мунай табуу тарыхынын 90 жылдыгы менен куттуктады.

12-сентябрда Президент Садыр Жапаров «Жалал-Абад май иштетүүчү заводу» ЖЧКсыныда болуп, ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш сапарын аяктап, мамлекет башчысы Бишкек шаарына келди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

570