7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматына жыл башынан бери жалпы 1,7 млрд сом патент төгүлдү

547

2021-жылдын 8 айында 1 млрд 752 млн сомго 698 миң 570 патент жана 579 млн 565 миң сомго 498 миң 612 камсыздандыруу полиси берилген. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен онлайн режиминде 1 млрд 64 млн сомго 453 миң 342 патент жана 346 млн 490 миң сомго 369 миң 055 камсыздандыруу полиси берилген.

Эске салсак, салык кызматы 2018-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын бардык аймагында электрондук патенттерди берип баштаган.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 164 токтомуна ылайык, кагаз жүзүндөгү жана электрондук форматтагы патенттердин жана камсыздандыруу полисинин формалары бириктирилген.

Алсак, 2020-жылдын августунан баштап патенттин жана камсыздандыруу полисинин формалары бириктирилди. «Э-патент» электрондук кызматы (epatent.gov.kg) жакшыртылды, анда патентти жана камсыздандыруу полисин бир документ менен алууга болот.

Ошондой эле, модернизацияланган жана жаңыланган «электрондук патент» системасы бирдиктүү патенттин бланкын жана камсыздандыруу полисин генерациялоо функциясы менен ишке киргизилди, ал салык төлөөчүлөр тарабынан абдан жакшы кабыл алынды.

Электрондук патентти тариздөө ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында (СОМС) салык төлөөчү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн, ал үчүн ишмердүүлүк катталган жердеги аймактык салык органында логинди жана паролду алуу гана жетиштүү, ошону менен бирге убакыт да бир кыйла үнөмдөлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

548