7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматынын парламентке сунушталган жасалма отчету иликтенүүдө

715

Экономика жана каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында жана Салык кызматында иштегендер бюджеттин киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жасалма түрдө жогорулаткан деп шек саналууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 31-декабрында укук коргоо органдарынын Бирдиктүү депозиттик эсебиндеги 491 877 823 сом Салык кызматына мыйзамсыз которулган. Бул каражат салык чегерүүлөрү болуп саналбайт. Натыйжада, Жогорку Кеңешке Салык кызматынын жалган баяндамасы берилген.

Эскерте кетсек, аталган факты Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 329-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен иликтенүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

716