7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Самарканд шаарындагы жолугушуунун жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды

375

Бүгүн, 15-сентябрда, президент Садыр Жапаров Самарканд шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин отурумунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кытай менен Кыргызстандын лидерлеринин эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды:

  1. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу техникасын берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;
  2. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине көчмө оорукананы берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;
  3. КРнын Айыл чарба министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол;
  4. КРнын Министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргыз Республикасынын ирригациялык системасын реконструкциялоо» № 1 Лот долбоору боюнча өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

376