7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сауд Арабиясы чек арасын ачып, кичи ажылык зыяратка уруксат берди

256

Сауд Арабиясы эки аптадан бери жабык турган чек араларын ачып, аба каттамдарын жандантты. Бул тууралуу ВВС Кыргыз кызматы билдирет.


Эр-Рияддын чечими коронавирустун жаңы штаммына байланыштуу кабыл алынган эле. Бир нече өлкөдө вирустун жаңы түрү табылгандан кийин 21-декабрда саудия бийлиги этияттык чаралары катары чек арасын жапкан.


Бирок өлкөгө келген саякатчыларга жаңы чектөө чаралары кирди. Келген зыяратчылар Сауд Арбияга киргенге чейин башка өлкөдө 14 күн карантинде болушу шарт. Тесттин жыйынтыгы менен гана өлкөгө кирүүгө укруксат берилет. Сауд Арабиясындагы коронавируска байланышкан кырдаал Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн ичинен эң эле начар бойдон калууда. Өлкө боюнча жалпы коронавируска кабылгандар 363 минден ашты. Расмий маалыматтарда 6 миң бейтап каза тапканы айтылат.


Эр-Рияд жети айлык тыныгуудан кийин кичи ажылык зыяратка уруксат берди. Сауд Арабиясында өткөн жылы ажылык зыяратты он миңдей гана киши аткарды.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабия бийлиги чет жерлик зыяратчыларды өлкөгө киргизбөө чечимин кабыл алган эле. Жыл сайын ажылык сапар үчүн Меккеге дүйнөнүн булуң-бурчунан 2 миллион чамалуу мусулман келет. Анткени исламдагы беш парыздын бири — Меккеге ажылык зыяратка баруу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

257