7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Саясий үгүткө аралашкан окуучулар. Алайда 3 жетекчиге чара көрүлдү

946

Өткөн жума Алай районунун Гүлчө айылында партиянын үгүт ишине мектеп окуучулары аралашып, аныгыраагы келгендерди тосуп алып жаткан тасма интернетте таркаган.

Социалдык тарамактарда чуу жараткан бул тасмага мамлекеттик органдар кандай чара көрүп жатканын Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы ачыктыды.

  • Ага ылайык,  Алай райондук мамлекеттик администрациясы  Ж.Раимкулов атындагы №67-кесиптик лицейинин директору Ж.Мурзалиевге саясий партиялардын үгүт иштерине катышуусуна жол бергендиги жана аларга жетиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн тартиптик чара колдонуп берүү боюнча  Билим берүү жана илим министрлигине кат жолдогон.
  • Ошондой эле №2 Т.Отунчиев атындагы мектеп гимназиясынын директору Раимкулова Гулмира Атантаевнага Алай райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 2021-жылдын 10-ноябрындагы № 12 буйругу менен сөгүш жарыяланган.
  • Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамашарип Мусаев өз каалоосу менен берген арызына ылайык кызматтан кеткен.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

947