7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Селден кийин дайынсыз болгон 4 жаранды издөөгө 350 адам чыкты

369

Бүгүн, 15-июль күнү селдин кесепетинен дайынсыз болгон 4 жаранды издөөгө 350 адам тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Буга чейин,  жалпы 5 адамды суу агызгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 14-июль күнү 2018-жылы туулган Н.С аттуу кыз Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарынын Шахронсой сайынан саат 22:40да сөөгү табылган.

Бүгүн издөө-куткаруу иши 4 топко бөлүнүү менен башталды. Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Мөл-Булак эс алуу жайында, Ак-Буура каналынын түштүк-чыгыш тарабы (студенттер шаарчасы) , Ак-Буура каналынын жээгиндеги Токтогул сейил багы, Ош шаарынын борбордук базар тарабында уланууда.

Издөө ишине жалпы 350 адам тартылды. Анын 170и ӨКМдин куткаруучулары. Арасында 2 кинолог, суучул-куткаруучулар. Ал эми жарандык коргонуу кызматтарынан 180 адам көмөктөшүүдө.

370