Евро-2024 мелдешинин финалында Испаниянын футбол боюнча курама командасы Англияны 2:1 эсебинде жеңди.
Оюн Германиянын Берлин шаарындагы Олимпиада стадионунда өтүп, Испаниянын курама командасы төртүнчү жолу Европа чемпиону аталды. Буга чейин испаниялыктар 1964, 2008 жана 2012-жылдары жеңишке жетишкен.
Белгилей кетсек, Европа чемпионаты Германияда 14-июндан 14-июлга чейин созулду. Ага жалпысынан 24 команда катышты.
Футбол боюнча Европа чемпионаты 1960-жылдан бери 4 жылда бир өтүп келет. Кийинки мелдеш төрт жылдан кийин – 2028-жылдын жайында өтөт.