Казакстандын Мангистау облусунда күйөөсү аялын элдин көзүнчө бычактап салган. Бул тууралуу tengrinews.kz жазып чыкты.
Социалдык тармактарда окуя болгон жерден үрөй учурган видео тараган. Окуя 14-июлда болгон, анда киши супермаркеттердин биринин жанында 24 жаштагы аялын бычактаган. Ал кош бойлуу болгон. Учурда абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө.
Мангистау облусунун ички иштер башкармалыгы кол салган адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.