Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Ош облусунда селден улам канча объект жабыркагандыгы тууралуу маалымат берди.
Министрликтин ыкчам маалыматы боюнча, Ош облусунун Кара-Суу районунун жалпы 3 айыл аймагында тактап айтканда Мады, Датка, Баш-Булакта:
- 9 социалдык объект (4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей, 1 ФАП);
- 642 турак үйгө суу кирген.
Ош шаары боюнча:
- 1 соцобьект (1 бала бакча);
- 146 турак үйгө сел суусу кирген.
Жеринде тактоо жана сел кесепеттерин жоюу иштери уланууда.