7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сентябрда “Кыргыз бетон курулуш” жана “Кыргыз топчу” жаңы өндүрүш ишканалары ачылат

1014

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасынын базасында жакынкы аралыкта ишке киргизүү пландалып жаткан “Кыргызиндустрия» ААКнын өндүрүш ишканаларында болду.

Белгиленгендей, 2023-жылдын сентябрь айында “Кыргыз бетон курулуш” жана “Кыргыз топчу” сыяктуу жаңы өндүрүш ишканалары ачылат. Ишканалар заманбап жабдуулар менен жабдылып, алар Италиядан бир нече этап менен алынып келет.

МинКаб Төрагасы жеңил өнөр жай, курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурууну тапшырып, бул ишканалардын продукциясы биринчи кезекте жергиликтүү рыноктун керектөөсүнө жооп бериши керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасына металлдын бардык түрлөрүн кайра иштетүү үчүн “ийкемдүү” машиналарды жана системаларды өндүрүү жана сатуу менен иш алып барган италиялык “Salvagnini” компаниясынын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.

“Кыргызиндустрия” ААКнын президенти Жарасул Абдураимов белгилегендей, учурда италиялык компаниянын жетекчилиги менен бул системаны сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1015