7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоо-2021: Добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси жарыяланды

709

28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоочулардын акыркы тизмеси 2021-жылдын 18-ноябрында түзүлүп, «Тизме» — https://tizme.gov.kg/ шайлоочулардын мамлекеттик порталына жайгаштырылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоочулардын акыркы тизмелери добуш берүү күнүнө жети календардык күн калганда шайлоо участкаларынын стенддеринде илинет. Жалпысынан 2 миң 494 шайлоо тилкеси ачылса, анын 59у чет өлкөдө, Кыргызстанда 2 миң 435. 11-апрелде өткөн “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзамынын долбоору боюнча референдумга катышкандардын санына (3 млн 606 миң 201) салыштырмалуу шайлоочулардын жалпы саны 97 миң 219 шайлоочуга көбөйгөн.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын акыркы тизмесине 3 млн 703 миң 420 шайлоочу кирсе, анын ичинен 84 миң 128 шайлоочу чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо участкаларындагы шайлоочулардын тизмесине киргизилген. Үстүбүздөгү жылдын 9-сентябрында жарыяланган алдын ала тизмедеги шайлоочулардын санына (3 млн 686 миң 921) салыштырмалуу 16 миң 499 шайлоочуга көбөйгөн.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын саны 3 млн 619 миң 292 адамды түздү (чет өлкөдө катталган шайлоочуларды эсепке албаганда). 9-сентябрда жарыяланган бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча алдын ала тизмеге салыштырмалуу (3 млн 617 миң 591) 1701 шайлоочу көбөйгөн.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

710