7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоо жана референдум маселеси боюнча суроолорго call-борбор жооп берет

234

Өкмөттө 2021-жылдын 9-10-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоосун жана референдумду өткөрүү маселеси боюнча call-борбор иш алып барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Президенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борбору эки күн, 9 жана 10-январда, эртең мененки саат 07:30 дан тарта иш алып барат.


Белгилей ккетсек, Республикалык штабдын милдеттеринин бирине шайлоочулардын санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо маселесин түшүндүрүү, шайлоочулардын тизмесин тактоо жана башка маселелер кирет.


Сall-борбордун иштөө учурунда ар бир шайлоочу «түз байланышка» чыгып, электрдин, интернеттин жоктугун, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү тараптан эрежелердин сакталбай жаткандыгы, беткап жана бекитилген санитардык жана баша талаптардын сакталбай жаткандыгы тууралуу маалымдай алат.


«Түз байланыш» телефондору: (0312) 66 28 58, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11, факс (0312) 66 61 97.


Эскертсек, көрсөтүлгөн номурларга телефон чалуулар «Кыргызтелеком» ААК Бишкек шаардык телефон тармагынын стационардык телефондорунан – акысыз түрдө, ал эми аймактардан жана уюлдук байланыш операторлорунан бекитилген тарифтерге ылайык саналат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

235