7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шакиев Ала-Букадагы ветеринардык клиниканын ачылышына катышты

354

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ала-Бука районундагы иш сапарынын алкагында Айры-Там айылындагы ветеринардык клиниканын ачылышына катышты.

Салтанатта Кыргызстандын көпчүлүк калкы мал чарбачылыгы менен алектенерин айткан Төрага Нурланбек Шакиев: “Андыктан ветеринардык абалга өзгөчө көңүл буруп, мал ылаңдарын алдын алуу аракетин күчтөндүрүшүбүз керек. Бүгүн ачылып жаткан ветеринардык клиника мал арасындагы илдеттерди жоюга гана эмес, жарандардын саламаттыгын чыңдоого да салым кошот деген ишеничтемин. Себеби «Медициналык дарыгер адамды дарыласа, ветеринардык дарыгер жалпы адамзатты дарылайт» — деген кеп бар”,- деди.

Ошондой эле мал чарбачылыгы өлкө экономикасынын негизин түзөрүн айткан төрага: “Сандан сапатка өтүүгө мезгил келди. Малдын сапатын көтөрүп, эт жана сүт багытындагы мал  жандыктарын көбөйтүшүбүз керек. Муну менен катар жайыттарды туура пайдаланууга аракет кылуубуз кажет. Антпесек, тоют маселеси күндөн күнгө көбөйүп, экологияга да терс таасирин тийгизери анык”, — деп кошумчалады.

Андан тышкары Төрага ветеринардык клиникага жардам катары өзүнүн резервдик фондунан 200 миң сом тапшырды.

Эскерте кетсек, ветеринардык клиниканы курууга жалпы 4 млн 100 миң сомдон ашуун каражат жумшалган.

 

 

 

355