7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмунун мүчөлөрү кармалды

311

«Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмунун идеологиясын активдүү үгүттөгөн жашыруун радикалдык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан «Ислам мамлекети» Эл аралык террордук уюмунун идеологиясын жигердүү пропагандалап, жаштар арасында террористтик мүнөздөгү фото жана видеоматериалдарды жайылтуу менен алектенген көмүскө радикалдык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Бишкекте жана өлкөнүн башка аймактарында жалпысынан 15 адам кармалды. Алардын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, көп сандагы диний адабияттар алынып, алар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Топтун лидерлеринин бирин Афганистандан келген «Ислам мамлекети» Эл аралык террордук уюмунун мүчөсү социалдык тармактан алыстан жалдап, анын көрсөтмөсүн аткарып, башка тарапкерлерин тартууга аракет кылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, таркатылып жаткан фото жана видеоматериалдарда «Халифат» «террористтик аракеттерге ачык чакыруу», «улуттук, расалык, этностук, диний жана региондор аралык кастыкты козутуу» жана «конституциялык түзүлүштү бузуу менен конституциялык түзүлүштү кулатуу» белгилери камтылган. Мындан тышкары, ок атуучу куралдарды колдонуу жана колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жасоо боюнча окуу роликтери таратылгандыгы аныкталды.

Кармалган 4 адам Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилип, бул топтун башка мүчөлөрүн жана шериктерин аныктоо боюнча комплекстүү тергөө иш-чаралары улантылууда.

 

312