Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда, деп билдирет өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги. Маалымдалгандай, 3-4-августта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн.
Мындан улам, жарандарга сак болуу сунушталат.