Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолуна таш түштү. Каттам жабык. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.
ӨКМден билдиришкендей, кечээ күнү, саат 19:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна болжол менен 10-15 куб метр таш түшкөн.
«Кырдаалдан жабыркагандар катталган жок»,-деп айтылат маалыматта.