7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шавкат Мирзиёев кыргыз элине тынчтык, туруктуулук каалады

277

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Биздин тарыхый достук жана жакшы кошуналык мамилелер менен тыгыз байланышкан боордош элдерибиздин көп тараптуу жана узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташтыгынын бардык тармактарындагы жигердүү өнүгүүсү өзгөчө кубандырат. Кийинки жылы биздин өз ара ишеним менен сый-урматка негизделген стратегиялык өнөктөштүгүбүз толугу менен жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө шек жок», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Шавкат Мирзиёев Талант Мамытовго бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгилик, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине тынчтык, туруктуулук, молчулук жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

278