7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны башталды

569

Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны башталды.

Алгач делегациялардын башчыларын тосуп алуу жана сүрөткө түшүү аземдери болду. Андан кийин ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңейтилген жыйыны өтүп, документтерге кол коюлат.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына Беларусь премьер-министри Роман Головченко, Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цян, Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода, Өзбекстандын ремьер-министри Абдулла Арипов, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ходжамырат Гелдимырадов, Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар жана Пакистан Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Джалил Аббас Джилани катышууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

570