7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Штефан Таркович: Балдар болушунчу аракет кылып, аягына чейин күрөштү

572

Кыгызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович 2023-жылкы Азия Кубогунун алкагындагы «Ак шумкарлардын» Сауд менен болгон беттеши тууралуу комментарий берди.

Башкы машыктыруучу тогуз оюнчу менен Сауд Арабиясына каршы ойноо кыйын экендигин баса белгиледи.

«Айрыкча, экинчи оюнчубуз оюн талаасын таштагандан кийин, биз толугу менен коргоого өтүп, атаандаштын чабуулун күтүп, алар менен эле алек болуп калдык. Мындай атаандаш менен биз төмөн блок менен ойноп, чабуулдарды эле күтүп ойной алмак эмеспиз. Албетте, биз оюнчуларды күрөшкө шыктандырдык, алар атаандашка каршы прессинг уюштурушу керек болчу. Бирок, тилекке каршы, оюнчулардын беттеш убагында жекеме-жеке оюндарынын ар кандай кырдаалдарда кандай аракет жасаарын биз башкара албайбыз», — деди Таркович.

Ал оюндун экинчи бөлүгүнүн башында үмүт болгондугун жана оюнчуларды чабуулдарды уюштурууга даярдашкандыгын кошумчалады.

«Бирок экинчи кызыл айып кагазынан кийин, бул дээрлик мүмкүн болбой калды. Ушундай татаал шарттарда өткөн оюнда 2-0 натыйжасы биздин команда үчүн канааттандырарлык. Биздин эки оюнчубуз оюн тааласын таштаганы абдан жаман болду. Бирок, экинчи жагынан алып караганда, биз командалык оюнду көрсөттүк деп ойлойм, балдар болушунчу аракет кылып, аягына чейин күрөшүштү», — деп, оюндун жүрүшүндөгү алмашууларга токтолду.

Таркович улуттук курамада оюн тажрыйбасын топтоого муктаж болгон көп оюнчулар бар экендигин айтты.

«Командада муун алмашуу процесси жүрүп, курам жаңырып жатат. Албетте, жаракат алгандарды эске албай турган болсок, менин оюмча, азыр курамада өлкөнүн мыкты оюнчулары чогулган. Жаңы оюнчуларды өнүктүрүү үчүн биз болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Бул процесс көп убакытты талап кылаарын түшүнүү зарыл. Мен Кадыржанов, Сталбеков жана Шамурзаевди, аларды жоопкерчиликти сезип, оюн тажрыйбасына ээ болуп, маанилүү турнирлерде оюндун атмосферасын сезиш үчүн оюн талаасына чыгардым», — деп кошумчалады башкы машыктыруучу.

Ошондой эле Штефан Таркович алдыдагы Оман курама комадасына каршы беттеште улуттук курама жеңсе, кийинки этапка чыгууга дагы мүмкүнчүлүк болорун кошумчалады.

«Бул беттеш менен баары аяктап калган жок. Күрөш уланууда», — деп Таркович сөзүн жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, 21-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Сауд Арабия курамасына каршы Азия Кубогундагы экинчи оюнун өткөрдү. Оюн 2:0 эсебинде Сауд Арабиянын курамасынын пайдасына чечилди.

Алдыда «Ак шумкарларды» Оман курама командасы менен болгон беттеш күтөт. Оюн 25-январда саат 21:00дө «Абдулла бин Халиф» стадионунда өтөт.

 

573