7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Шумкар” атайын багыттагы полкунун 7 жылдыгы Жалал-Абадда белгиленүүдө

378

Бүгүн 16-январда Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун түзүлгөндүгүнүн 7 жылдык мааракеси Жалал-Абад шаарында белгиленип жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Майрамдык иш-чаранын башталышында “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири, милициянын подполковниги Равшан Кожобеков Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Нурбек Сыдыковго доклад жасап тосуп алды.

Ички иштер органдарында эмгектенип, өз милдетин аткарып жатып каза болгон кызматкерлердин рухтарына багыштап Жалал-Абад шаардык борбордук мечитинин имамы Нематулла ажы Жээнбеков куран окуду.

Андан соң Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана иш-чарага катышып жаткан айрым күч түзүмдөрүнүн жетекчилери куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Алар Шумкар АБПнын кызматкерлерин майрамдары менен куттукташып, алардын жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу жумушунда ийгиликтер болуусун каалашты.

Ошондой эле ички иштер органдарында үлгүлүү кызмат өтөгөн бир катар кызматкерлерлерге Жалал-Абад ОИИБдин жана күч түзүмдөрүнүн сыйлыктары тапшырылды.

Күндүн экинчи бөлүгүндө Жалал-Абад областынын аймагындагы ШРИИБдердин жана күч түзүмдөрүнүн ортосундагы спорттун волейбол түрү боюнча мелдеши башталды. Оюнчулар биринчилик үчүн күч сынашып, учурда 22 команда арасындагы беттештер кызуу уланууда. Жеңүүчүлөргө “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасы тарабынан кубок, баалуу белектер ыйгарылат. Спорттук мелдештин байге фонду 50 миң сомду түзөт.

Эске салсак өлкө аймагында кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу багытында 2014-жылдын 17-январында КРнын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полку түзүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

379