7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта 25 жаштагы жигит мечиттин ичинен уурулук кылган

663

Сокулук районунда мечиттин ичинен уурулук кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга арыз менен Н.Р. аттуу жаран кайрылып, анда 24-октябрь күнү таңга маал белгисиз адам Сокулук айылынын Ошская көчөсүндө жайгашкан мечетке кирип, кайрымдуулукка акча чогултуучу кутучаны акчасы менен, видеобайкоо камерасынын мониторун жана кийимдер салынган сумканы уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестерине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин жүрүшүндө шектүү 1997-жылы туулган С.Е. аттуу жаран экендиги такталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

664