Сокулукта өрттөн 84 жаштагы пенсионер каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Дача Прогресс айылында жалпы аянты 65 чарчы метр 2 кабаттуу турак үй толугу менен күйгөн.
Өрттү өчүрүү учурунда бөлмөнүн ичинен 1938-жылы туулган Р.Р.И. аттуу аялдын сөөгү табылган.
Учурда өрттүн себеби такталууда.