7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта убактылуу кармоочу жайдан бир адам каза болду

535

Сокулукта убактылуу кармоочу жайдан бир адам каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматынан маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2-март таң эрте Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынын күзөтчүсү камактагы 51 жаштагы эркек кишини эс-учун жоготкон абалда тапкан.

Окуя болгон жерге дароо тез жардам кызматы чакырылып, медиктер киши көз жумганын аныкташкан. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды.
Каза тапкан адам Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси («Уурулук») менен шектелип, эки айга камакка алынган.
Ишти ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн текшерүү дайындалган. ИИМ, Чүй ОИИБи менен прокуратура жетекчилиги ишти көзөмөлгө алган. Аталган факт каттоого алынып, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.

536