7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулуктагы кыздын зордукталышы. Камактагы шектүүгө телефон кантип жеткен?

5288

Социалдык тармактарда 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаранды коркутуп-үркүткөн видео тарады. Анда Сокулук районунун тургуну абактагы Н.К. менен видеозвонок аркылуу сүйлөшүп, аны катуу көзөмөлгө алууну табыштаган. Учурда шектүүгө телефон кантип жеткендиги боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Такталгандай, ИВСтин бардык камералары текшерилип, уюлдук телефон алынган. Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайынан кызматкерлерине карата уюлдук телефон табылганы боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Эске салсак, Сокулук районунда 1990-жылы туулган Н.К. аттуу жаран 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалган. Ал өспүрүмдү борборго алып барууга убада кылып, жолдон зордуктаган. Аны жоопкерчиликтен бошотулуп кетет деп чочулаган жергиликтүү тургундар ошол эле күнү милициянын имаратынын алдына митингге чыгышкан. Аксакалдар сотунун чечими менен Н.К.нын үй-бүлөсү үч күндүн ичинде айылдан чыгып кетиши керек. Шектүү Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камалды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5289