7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

332

Аба ырайынын кескин начарлашынан улам, Сосновка постунда саат 02:15тен тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Азырка тапта №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кум себүү иштери жүргүзүлүүдө. Ушундай эле кырдаал Өтмөктө орун алып, инерттик материалдар чачылууда. Жол ачык, каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан унаалар жасалма тыгын менен атайын техникалардын иштешине тоскоолдук жаратып жатканын билдирет. Мындан улам, министрлик айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып чыгууну суранат.

333