Түндүк Кипрдин президентин “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Эрсин Татар Кыргызстанга 6-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи саммитине катышуу үчүн келди.
Саммиттин ишине уюмга мүчө беш мамлекеттин – Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.